www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз Афганистанда абалдын батыраак турукташуусу үчүн өлкөнүн өкмөтү менен диолог жана консультацияларды жүргүзүшүбүз керек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Бишкек шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда билдирди.

Масадыков Афганистан өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн бүтүндөй дүйнөнүн гуманитардык колдоосуна муктаж болуп турганын белгиледи. Ал ошондой эле гуманитардын миссияны жеткирүүнүн жүрүшүндө өлкөнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат каражаттарында айтылган чыныгы абал менен дал келбестигин байкаганын белгиледи.

«Кыргызстан бай эмес өлкө болсо дагы Афганистандын элине жана Чоң жана Кичи Памирди байырлаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Белгилей кетүүчү жагдай ЖМКларда патылып жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Жакында биз ал жакта болгон учурда аялдар паранжа кийбей, кадимкидей эле жоолук салынып, айрымдары беткап, бирөөлөр беткапсыз жүрүшкөнүн байкадык. Мектептер иштеп жатат.

Айырмасы эми балдар менен кыздар өзүнчө окушат. Мындан тышкары, мага мейманканага кечки саат 10до эч кандай коштоочуларсыз эле БУУдан кесиптешим келди.

Коопсуздук жагынан алганда азыркы абал мурдагыга караганда бир топ жакшы», - деди Масадыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости