www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эл аралык маалымат булактары «Кытай Тажикстанга авиабаза курууну пландап жатат» деген маалымат таратып жатышат. Мунун Кыргызстанга таасири болобу?

- Бул туура эмес маалымат, жаңылбасам, муну АКШнын «The Wall Street Journal» маалыматы жазды. Чындыгында Кытайдын Тажикстанда авиабазасы бар, ал тажик армиясы үчүн салынган.

Себеби Кытай бийлиги Вахан коридору аркылуу Чыгыш Түркестандагы ислам боевиктери Кытайдын Сицзян аймагына кирип келишинен кооптонушат. Мендеги маалыматтар боюнча, кытайлар эки авиабаза куруп коюшкан.

Бирөөсү Тажикстан менен Афганистандын чек арасына жакын жердеги Мургабда, экинчиси Вахан коридорунда жайгашкан. Базалар Тажикстандын аскери, бийлиги аркылуу жогоруда айткан коридорду көзөмөлдөө максатын көздөйт.

Албетте, инфраструктура, техникалар тажик армиясы үчүн деп айтылганы менен Кытай кургандан кийин алардын сөзсүз түрдө таасири болот. Учурда Тажикстан бир эле ЖККУнун алкагында эмес, Кытай тараптан дагы курал-жарак алуу аракетинде. Биргелешкен аскерий машыгууларды дагы өткөрүштү.

- Бул базалар качан курулган?

- Авиабазалардын курулуш иштери жакында эле бүткөн, бир жылга жетпеген убакыттан бери иштеп жатат. Тажик бийлиги бул туурасында маалыматты жашыруун кармап келген. Анткени бул Россиянын, АКШнын тынчсыздануусун жаратмак.

Ошондуктан тажиктер менен Кытай тарап дагы буга басым жасагылары келген эмес. Кытай өлкөсү уйгур сепаратисттеринин Кытайдын аймагында башаламандык уюштуруусунан чочулаган.

Өзүңүздөр билгендей, Тажикстанда мындан тышкары Россиянын ири, күчтүү авиабазасы бар. Орто Азияда орустардын эки базасы бар, бирөө Кыргызстандагы Кант авиабазасы, экинчиси Тажикстанда.

- Тажикстан эмнеге куралдануусун күчөтүп жатат, кооптонуулар барбы?

- Тажикстанга Аль-Каида жана Ислам кыйымылы (ИГИЛ) кирип келиши ыктымал. Себеби тажиктер Панджшер капчыгайында орун алган Ахмад Масудду колдошот, аскерий-техникалык жактан дагы жардам бергенин таккесе айта алам.

Мындан улам талибдер Тажикстандын азыркы президенти Рахмондун бийлигине каршы, аларды душман катары кабыл алышат. Ошол себептен тажиктердин аймагына Аль-Каида жана Ислам кыйымылынын кирип кетишине көз жумуп коюшу ыктымал.

Бул топтор талибандар тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Ушул кырдаалды АКШ колдон чыгарбайт. Анткени кийинки жылдын жай мезгилинде Тажикстанда дестабилизация орун алышы толук мүмкүн. Мунун баардык белгилери көрүнүп турат.

- Сиз айткан Тажикстандагы башаламандык чындап эле болуп кетсе, Кыргызстан жапа чекпейби?

- Албетте, бизге түз таасири тийет. Тажик качкындары биринчи эле Кыргызстанга качышат. Ошол эле учурда Тажикстан Аль-Каида жана Ислам кыйымылы менен күрөшүүдө Кыргызстандын дагы катышышына кызыкдар болушат.

Биринчи кезекте Фергана өрөөнүнө киришет, ал эми ал жактагы «уктап жаткан» жашыруун уюмдар активдешип, мамлекетке коркунуч келтиришет. Ошондуктан Тажикстан бизге канчалык кыянаттык кылбасын, ЖККУнун алкагындагы баардык мамлекеттер бул күчтөргө каршы бирдиктүү системалык саясатты жүргүзүшү керек.

Биринчи кезекте чек араларды бекемдөө, биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүү маанилүү. Менимче, жайга чейин Афганистанда хаос башталат. Мындан Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Иран жана башка мамлекеттерге коркунуч туулат.

Себеби, туруктуу бийлик институту түзүлбөйт. Мындан ачкачылык күчөп, талибдер бийликти кармап кала албайт. Афганистандагы башаламандык глобалдык оюнчуларга майдай жагат.

Анткени башкаруусуз калган өлкөдө Аль-Каида, Ислам кыйымылы сыяктуу күчтөрдү бүтүндөй Борбор Азияга диверсия уюштурууга шарт түзүлөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости