www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин көп сөз болуп, айтылып да жазылып да келе жаткан Икрамжан Илмиянов Жогорку Кеңешке депутат болуудан баш тартты. Эмнеге баш тартты табышмак... Айрымдар муну келе жаткан президенттик шайлоого байланыштырышууда. Анткени ар бир шайлоо алдында Илмияновдун дайыма колу, жолу бош болот. Эми бул окшоштуктукпу же дал келүүбү айтуу кыйын.

Маселен, 2010-жылы июль айынан 30-декабрга чейин Илмиянов ошол кездеги премьер-министр Атамбаевдин жардамчысы кызматынан бошотулган. Бул кадрдык жүрүш 2010-жылдагы парламенттик шайлоого туш келген. Андан кийин 2011-жылдын сентябрынан ошол эле жылдын ноябрь айына чейин аны ээлеген кызматынан бошоткон. Анын иштен кетүүсү ошондогу президентти шайлоого туш келген.

Кийинки кадрдык жүрүшү 2015-жылдын 27-апрелинен 2015-жылдын 5-ноябрына чейин президенттик апапараттын биринчи орун басары катары ээлеген кызматынан бошотулган. Бул жолку бошотуу 2015-жылдагы парламенттик шайлоого туш келип олтурат. Ал эле эмес, акыркы 2016-жылдын аягындагы иштен бошотуу былтыркы болуп өткөн референдумга туш келди.

Алдыда президенттик шайлоо турат. Илмиянов мандаттан баш тартты. Дагы кызматсыз. Албетте, акыркы күндөрү коомчулукта парламентти тарайт деген сөздөрдүн көп айтылып, талкууга түшүп жатканын эске алсак, демек Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурда болуп калышы ыктымал...

 Булак: “Фабула”

 

Последние новости