www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкадагы жеке менчик SpaceX космикалык компаниясы эки кишини Айга алып барып келүү планын жарыялады.

Компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Илон Маск космикалык кеменин бул жолку жүргүнчүлөрү кесипкөй астронавттар эмес, космоско учууну каалаган туристтер экенин белгиледи. Алар бул үчүн каражат төлөшкөн.

SpaceX жетекчиси бул кишилердин ысымдарын атаган жок. Бири-бири менен жакын тааныш кишилер, бирок "Голливуд жылдыздарынан эмес" деди ал. Бул жылы алар медициналык текшерүүдөн өтүп, андан кийин учууга даярдык көрүшөт.

"Бул программа 45 жылдан кийин адамзаттын кайрадан алыскы космоско кайтуу мүмкүнчүлүгүн берди»,-деп эсептейт Илон Маск.

Космикалык кеме бул саякатка сыноодон быйыл өтөт.

Сүрөттүн автордук укугуREUTERS

Космикалык кеме бул саякатка сыноодон быйыл өтөт.

Космикалык кеме бул саякатка сыноодон быйыл өтөт. Маск белгилегендей, Айга учуу планы SpaceX компаниясынын НАСА менен кызматташтыгынан улам ишке ашууда.

Айга учуу бул тобокел иш деп моюнуна алды Илон Маск. Бирок келечегинде туристтер алар эмнеге баратышканын толук билип калышат деп ишендирди.

SpaceX планы боюнча туристтерди салган космикалык кеме Айды айланып учат, бирок ал жерге конбойт.

Акыркы жолу Айга учуу 1970-жылдардын башында ишке ашкан. Андан кийин НАСА өзүнүн "Аполлон" программасын көп каражатты талап кылгандыктан жаап салган эле.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости