www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Кыргызстандагы «сөз эркиндигин коргоочулар» эмне деп чыгышат болду экен? «Азаттык» жана башка проамерикалык маалымат булактары кантип актанууга аракет кылышат? Анткени Илон Маск ачык эле аларды эч ким укпай турганын, аларга миллиарддаган доллар текке короп жатканын билдирди.

Мурда алардын негизги тактикасы жөнөкөй болчу. Кимдир бирөө алардын көз карандылыгын же фактыларды бурмалоосун сындаса, дароо «сөз эркиндигине кысым» деп кыйкырып чыгышчу. Эми эмне болот? Маскты да «демократияга каршы» деп күнөөлөшөбү?

Садыр Жапаров декабрь айында эле Кыргызстанга көз карандысыз маалымат каражаттары деген шылтоо менен башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгында иштеген ортомчулар кереги жок экенин ачык айтты. Ал так белги берди. Эгер Батыш өлкөлөрү чындап демократияны колдогуусу келсе, муну түздөн-түз жасасын, бурмаланган маалымат таратып жаткан медиалар аркылуу билдирүүнүн кажети жок экендигин айтты.

Камчыбек Ташиев да башынан эле мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору экенин ачык көрсөткөн. Бүгүнкү күндө алар Жапаров менен биргеликте өлкөнү туруктуу жолдо башкарып, сырттан башкарылган медиалар аркылуу коомду чайпалтууга жол берген жок.

Манипуляциялар эми иштебей калды. Кыргызстан эми башка бирөөнүн оюндарынын объекти эмес. Эми АКШда да мындай медиалардын көз карандысыз журналистика эмес, жөн гана таасир куралы экенин түшүнүп калышты. Илон Маск бир эле сүйлөм менен алардын бүтүндөй уламышын талкалады.

Өткүрбек Рахманов 

Последние новости