www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси алмашып, төрага кызматына Тынчтык Шайназаров келди. Буга чейин ал кызматты 9 жылга жакын Нуржан Шайлдабекова аркалады.

Тынчтык Шайназаров 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган. 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридика факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Тынчтык Шайназаров буга чейин прокурор болуп иштеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

09.1996- 11.1997-ж. – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын тергѳѳчүсү.

1997-1999-ж. – Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасында тергөөчү.

1999-2001-ж. – Ош облусунун прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору.

2001-2002-ж. – Ош облусунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү.

2003-2004-ж. – Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору.

2004-2007-ж. – Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

08.2007-08.2009-ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.

08.2009-04.2010-ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору.

11.2010-12.2020-ж. – “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын катарынан эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

09.2020-07.2021-ж. –Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (БШК).

07.2021-02.2025-ж. – БШКнын төрайымынын орун басары.

02.2025-ж. – БШКнын төрагасы.

Последние новости