www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Империя пиццы” кафесинде жигиттин 21 тишин уруп сындырышкан. Сот процесси учурунда жабырлануучу кол салган адамды кечирген. Бул тууралуу соттун токтомунан белгилүү болду.

Маалыматка караганда, соттолуучу И.Р. 2019-жылдын 10-октябрында саат 03:10 чамасында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Империя пиццы" кафесинде Д. Б. аттуу жаранды себепсиз сабаган.

Айыпталуучу И.Р.дин кыймыл-аракетинин натыйжасында жабырлануучунун мээси чайкалып, жогорку жаактагы 21 тиши сынып, ден-соолугуна залакат келген.

Соттук териштирүүдө жактоочу айыпталуучу И.Р. жана жабырлануучу Д.Б.нын ортосунда жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн, жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян толук төлөнүп берилгенин айтып, айыпталуучу И.Р.ге карата жазык ишин өндүрүштөн кыскартууну суранды.

Тараптардын пикирлерин уккандан кийин сот тараптардын элдешкенине байланыштуу жазык ишин өндүрүштөн кыскартты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости