www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев спикер Дастан Жумабековду сынга алды.

"Буга чейин Бөрүбаев, Текебаев, Келдибеков, Шарипович, Турсунбеков баары менен иштештик. Бирок, сиз гана өкмөткө келгенде адвокат болуп туруп аласыз. Сиз, өкмөттүн төрагасы эмессиз, парламенттин төрагасысыз. Бүт мыйзам боюнча, адвокат боло бересиз. Бул көрүнүш парламентке аброй алып келбейт. Депутаттардын айткандарынын туура жыйынтык чыгарыңыз. Өкмөт келгенде гана парламенттин позициясын коргошуңуз керек. Сапар Исаков өкмөт башчы болгондо, менин сөзүмдү жулуп алып, Сапарды колдодуңуз эле. Азыр Сапар каякта отурат?! Азыр да Абылгазиевди колдоп жатасыз. Мындан кийин, мактап колдойбуз дегендердин колуна 2 комуз берели, төргө чыгып алып коргосун", -деди Иманалиев.

Ал эми ага спикер Дастан Жумабеков: "Менин да сүйлөй турган укугум бар. Мен кайсыл мыйзамга кандай сүйлөштү жакшы билем", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости