www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутат Кенжебек Бокоев кайым айтышты.

Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда Жумабеков "парламент жакпаса эч кимди кармаган жокпуз" деп жооп берген.

Депутат Бокоев төраганы ылдый түшүүгө чакырды. 

"Сизди же комитеттин төрагасына кызматтан кет деген сөз айткан жок элем. Өзүңүздөрдү кызматтан кетирүүчү элестетип албасаңыздар. Эл шайласа баарыбыз келебиз. Сиз алдагы жерде жөн эле алып баруучусуз. Ылдый түшүп, ордуңарга келсеңер. Мага парламент жакпаса кетип кал деп үйрөтпөгүлө, өзүңөрдүн деңгээлиңерди карап алгыла", - деди Бокоев.

Спикер: "Бул сөздү сиздин дарегиңизге айткан жокмун. Мени ылдый түш дегенден этияттап сүйлөңүз. Жеке менин дарегиме сөз айтса болот экен да, мен айтсам болбой калабы? Мен жерде эле басып жүрөм", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости