www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов парламентти ызы-чуу кылбоого чакырды.

"Көтөрүп чыккан маселени добушка коюу ар бир депутаттын  укугу. Анан ызы-чуу болуп жатасыздар. Бул жерде "идеяльный" эч ким жок. Баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр,  Кудай көргүс нерселерди кыласыңар. Эки жүздүү адамдар да отурасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз эч нерсе дей элекпиз. Кичине өзүңөрдү кармасаңар! Өзүңөрдү билип, жакшынакай жүргүлө!", - деди Икрамов.

Ал эми буга көпчүлүк депутаттар "жайладың", "катырдың" деп жооп беришти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости