www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду сынга алышты. Буга чейин спикер “Парламент жакпаса эч ким кармаган жок” деп депутаттарга кайрылган эле.
Аталган сөз үчүн Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев төрагага нараазычылык билдиришти.
Депутат Бокоев төраганы ылдый түшүүгө чакырды.
"Сизди же комитеттин төрагасына кызматтан кет деген сөз айткан жок элем. Өзүңүздөрдү кызматтан кетирүүчү элестетип албасаңыздар. Эл шайласа баарыбыз келебиз. Сиз алдагы жерде жөн эле алып баруучусуз. Ылдый түшүп, ордуңарга келсеңер. Мага парламент жакпаса кетип кал деп үйрөтпөгүлө, өзүңөрдүн деңгээлиңерди карап алгыла", - деди Бокоев.
Спикер: "Бул сөздү сиздин дарегиңизге айткан жокмун. Мени ылдый түш дегенден этияттап сүйлөңүз. Жеке менин дарегиме сөз айтса болот экен да, мен айтсам болбой калабы? Мен жерде эле басып жүрөм", - деп жооп берди.
Ал эми Каныбек Иманалиев “Сиз Өкмөткө адвокат болуп, бардык мыйзамга эле адис боло бересиз” деди. Ага улай Жанар Акаев дагы кесиптешинин айткандарын колдоп, Дастанбек Жумабековго "депутаттарды колдошуңуз керек, өкмөттү эмес" деп айтып, сөзү үчүн кечирим суроо керектигин билдирди.
Айрым эл өкүлдөрү парламенттеги кесиптештерин сабырдуу болууга чакырышты.
Булак: NazarNews.org