www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын июнь айы
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда чоң бурулуш болот. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Дамир Мусакеев жана Сеид Атамбаевден башка бардык колдоочулары сата баштайт. Бош жүргөн АШАнын тарапташтары өз жандарын багууга өтөт.
ЖК депутаттары Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова АШАга каршы көрсөтмө берип, 2019-жылдын сентябрь айында бийликти күч менен басып алуу планы болгонун жарыялайт. Аны тастыктаган Карамушкина сот отурумунда Атамбаевдин бетине түкүрүп, катуу кыйкырык салат. Ирина муну менен жоопкерчиликтин баарын АШАга оодарып, өзү акталып кетүү үчүн жасайт. Бирок, июндун аяктарында Карамушкина да камалат. Мадаминов болсо сотто чөнтөгүндөгү жумурткасын алып чыгып АШАнын башына чабат. Карамат Орозова “биздин тагдырды талкаладың канкор” деп катуу ызы-чуу салат. Фарид Ниязов Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген жашыруун документтерди атасы Аблезим Ниязов жашап кеткен үйгө жашырган жеринен алдырып, органдарга өткөрүп берет. Ошентип июнь айындагы Кой-Таш окуясы боюнча сот иши өтө “ысык” болуп, Атамбаев баштаган 35 адам узак мөөнөткө кесилет.
Июль айы
Кундуз Жолдубаева бийлик тарапка өтө качып, анын натыйжасында Улуттук тил комиссиясынын маалымат катчысынын орун басары болуп дайындалат. Кадыр Атамбаев менен Раиса Атамбаева АШАдан колун үзүп, Кой-Таштагы хансарайын Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө өткөрүп берет. Ал жерге 137 кароосуз калган кары-картаңдар жеткирилет. “Форум” имараты конфискацияланып, жазуучуларга өтөт. Ошондой эле Атамбаевдин Бишкек ТЭЦи сыяктуу долбоорлордон уурдаган 1,8 млрд. долларын мамлекетке кайтарылат. Муну ишке ашырууга ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов да аралашат. Ал эми Раиса Атамбаева менен К.Атамбаев Татарстанга биротоло чыгып кетет.
Август айы
Депутат Асель Кодуранованын жолдошу Мелис Карыбеков Сеид Атамбаев менен “Нават” чайканаларынын акциясын талашып бычакташат. М.Карыбеков курсагы жарылып Бишкектеги 4-ооруканага жаткырылат. Сеид “адамдын денесине атайлап оор жаракат келтирүү” айыбы менен камакка алынат. Ал эми бул тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүн текшерген тиешелүү органдар, анын арам акчага түптөлгөнүн аныктап, мамлекетке кайтарат.
3-август күнү Темирлан Султанбеков менен Кадыр Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына келип, жашыруун сырды ачуу үчүн алардын өкүлдөрүн Кой-Таш тараптагы тоолорго ээрчитип барат. Алар бул аракетин Фейсбуктагы баракчасы арыкылуу түз эфир менен чагылдырат. УКМКнын 7 кызматкери жана Кадыр, Темирландар 37 ок атуучу куралды 7 миң огу менен тоо тарапка жашырган жеринен таап чыгат.
Табылган куралдарда Темирлан Султанбековдун колунун издери аныкталып, ага ошол жерде кишен салынат. Фейсбук аркылуу 10 миң адам Темирландын чочкодой айкырып, жер тепкилеп ыйлагынан күбө болот. Жан соогалап кыйкырганына карабай Спринтерге Султанбековду салып кетет.
Сентябрь айы
Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Амантур Жамгырчиев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбековдор күнөөсүн моюнга алып, жалпы элден кечирим сурап, 500 млн. долларын мамлекетке кайтарат. Ошондон кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды шарттуу түрдө бошотот.
Октябрь айы
Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан Молдовановкадагы абакка которулат. КСДП партиясы Сагынбек Абдрахманов баштаган саясий лидерлерге өтөт. Алар 4-октярдагы шайлоого катышып, 6 мандатка ээ болот. АША түрмөдөн кайрылуу жолдоп президенттен, жалпы элден кечирим сурап, эркиндикке чыгарууну суранат. Бирок, буга эл каршыы чыгып, Атамбаевди өмүр бою кесүүнү талап кылып митинг өткөрөт.
Ноябрь айы
Түрмөдө жаткан Сапар Исаков КТРК аркылуу түз эфир сурап, ошол жерден мамлекеттен уурдаган миллиондорун кайда жашырганын айтууга ант берет. 13-ноябрь күнү 20:00дө КТРК эмес, “Пирамида” телеканалына чыгууга уруксат берилет. Сапар Исаков Чолпон-Атадагы ат майдандан уурдаган 10 миллион долларды Дубайдагы Абу Салих аттуу ишкердин эсебине которгонун, Тарых музейинен кымырган 270 млн. сомду Гонконгдогу Максим Бакиевдин эсебине салганын ачыкка чыгарат. Башка миллиондорун жашырып айтпай коет. Сапардын ачыкка чыккан каражаттарын мамлекетке кайтарууга мүмкүн болбогондуктан ал өмүр бою кесилет, - деп Беспредел KG-КР коомчулукка жарыялады.
(Уландысы бар)
Булак: NazarNews.org