www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапырт ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин төрт тамактануу түйүнүнө 36 миң сомдук айыппул салынды. Алардын ичинен эң көп сумма 7,5 миң сом.

Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамад Мурзашев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, учурда башка түйүндөрүнүн жоопкерчилиги да каралууда.

"Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары толук чыкты. Учурда алардын негизинде отчет даярдалып жатат. Жалпысынан "Империя пиццы" кафесинин төрт тамактануучу жайына 36 миң сомдук айыппул салынды".

"Империя пиццы" кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Аталган кафенин тамагына ууланганын айтып, Бишкектеги ооруканаларга 300дөн ашуун адам кайрылган. Алардын ичинен кыркка жакыны балдар.

Уулангандар 22-23-24-октябрь күндөрү "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафенин бардык түйүндөрүн убактылуу жапкан. 30-октябрдан тарта кафе кайрадан ишке киришкени маалым болду.

Бул окуядан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости