www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, иш сапары менен Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кеткен эле. Белгилүү активист  Эрлан Бекчороев социалдык тармагына жазып чыкты.   

“1-сүрөт...

Финляндиянын президенти Сали Нийнисте. Расмий иш сапарга жөнөкөй эле чартердик рейс менен барат. Парламенттик-президенттик башкаруудагы бул мамлекеттин калкынын саны 5,5 миллион, ички дүң өнүмү (ИДП) 185 миллиард $, адам башына түшкөн кирешеси 34,400$. ( Бакытбек Абдуллаев)

2-сүрөт…

Австриянын 32 жаштагы премьер-министри Себастиан Курц Германияга коллегасы Меркель менен жолукканы эконом класста учуп баратат. Австриянын адам башына ИДПсы 44561$...

(Бакытбек Абдуллаев)

3-сүрөт…

Элинин свети өчүк, экономикасы каржалып турган, суукта көмүрү кымбат, шайлоодон шайлоого жашаган элдин президентти Садыр Жапаров учкан учак.

Анан кантип каражорго бийлебейсиң)

P.S. Жамандагандаган жокмун жөн гана чындык үчүн. "Батыштын кереги жок"- деп госсекретары, доссекретары дагы айтып оозду жыйгыча абам Европага учту.  Атайын чакыруу келгенден кийин ижара акысы (аренда) минимум 90 миң евролук учак менен зуулдап барды.

Баса, бүгүнтөн баштап маршрутканын акысы 15 сом. Күйүүчү май 60 сомдон жогору. Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт, жөө жүргүндө кишини тегеректеп эл күлөт"… деп жазат Эрлан Бекчороев.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен кеткен. Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлери менен жолугууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости