www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда 18 пилге чагылган тийип өлдү

Индияда катуу шамал болуп 18 пилге чагылган тийип өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Ага ылайык, өлгөн пилдер Ассам штатындагы Гувахати аймагындагы токойдон табылган. Токой департаментинин башкы офицери Амит Сахаи шаршемби күнү кечинде токойдо катуу шамал болуп, жаныбарларга чагылган тийгенин билдирген. 14 пилдин сөөгү дөңдүн өйдө жагынан, калганы ылдый жагынан табылган.

​Токой чарба министри Паримал Суклабайдья да жаныбарлар чагылгандан өлдү деп божомолдогон. Бирок индиялык жаратылыш коргоочулардын бири Сумьядип Датта соцтармактагы сүрөттөрдө пилдер уулангандай көрүнүп жатканын айткан.

​Алардын эмнеден өлгөнү ичин ачкандан кийин гана белгилүү болору кошумчаланган.

​Аталган аймактын тургундары өлгөн жаныбарлардын жанына гүл коюп, баштарын ачыла элек гүл менен кооздоп коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости