www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.
--"Бейиш энелердин таманында.
Баарыбызга өмүр берип, бул жарык дүйнөгө алып келген эң ыйык адам – энелер. Бала үчүн эненин мээриминдей мээр, эненин жүрөгүндөй жүрөк жок. Эненин сүйүүсү бардык балдарына жетет. Пайгамбар жашынан ашкан баласын да "садагам, балам" деп турган апаларыбызды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, телефон чалып, үйгө барып кучактап бетинен өөп, жакшы маанай тартуулаганга баарыңыздарды чакырам. Ар бир бала энесине сыймык алып келсин.
Сүйүктүү апалар, Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын, бекем ден соолукта болуп узак жашаңыздар. Жашооңуздар бактылуу ирмемдерге толуп, дайыма алкап турган жүзүңөрдө жылмаюулар болсун. Үйүбүздүн куту, берекеси энелер, ар дайым бакыттын төрүндө болуңуздар.
Энеке, биз сиздин ысык наныңызды дайыма сагынабыз. Биз сизди абдан жакшы көрөбүз.
Булак: NazarNews.kg