www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн Ботош чөлкөмүнө кар жаады. Бул тууралуу интернет колдонуучулары социалдык баракчаларына жазып, сүрөт жүктөшкөн.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 30 см түзөт. Унаалар жүрө албай калды.
Кечээ, 15-майда Ысык-Көл облусунун алыскы Жыргалаң айылында 30-40 см кар жааганы белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, жаан аралаш кар 14-майда башталган. Түнү менен жааган кардын калыңдыгы 40 см жеткен. Айылдан облустун борбору Каракол шаарына каттаган эртең мененки унаалар жол тыгынына кабылган болчу.
Булак: NazarNews.kg