www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалыктардын Афганистандан аскерлерин шашылыш түрдө чыгарып кетүүсү өлкө ичиндеги тынчтыкка олуттуу сокку болду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пакистандын ТИМ башчысы Шах Мехмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Ван И Кытай Бириккен Улуттар Уюму бул кырдаалда маанилүү роль ойнойт деп күтүп жатканын айтып, ал эми Шанхай кызматташтык уюму маселени жакшылап карап чыгышы керектигине токтолгон.

Ал Афганистанга коңшу мамлекеттер өз ара кызматташуусун күчөтүп, бир фронт катары чыгыш керектигин да белгилеген.

Ван И афган маселесинде Пакистандын таасири маанилүү экенин айтып, Афганистанда тынчтык орнотууда Пакистандын аракетин Пекин жогору баалай турганын кошумчалаган.

"Азыркы кырдаалда Кытай менен Пакистан стратегиялык координацияны бекемдөөнү улантып, Афганистандагы кырдаалды тынчытууга активдүү таасир этүүсү шарт. Ошондой эле аймактагы тынчтык менен туруктуулукту биргелешип колдошу керек", — деген Кытайдын ТИМ башчысы.

АКШ Ак үйү Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгып кетүүсүн (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылган. Америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости