www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда COVID-19 күч алгандан бери аны менен чогуу жайыла баштаган мукормикоз илдетине кабылгандардын саны 9 миңге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн химиялык өнөр жай министри Садананда Гоудага шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Илдет көбүнесе Гуджарат штатында катталып жатат. Учурда ал жерде 2,2 миң киши аталган дартка чалдыккан. Мукормикозду дарылоо үчүн 23 680 куту амфотерицин-В препараты бардык штаттарга таратылды», — деген Гоуда.

Белгилей кетсек, бул илдет Индияда апрель айынын башында аныкталган болчу.

Мукормикоз жугуштуу ооруларды таркаткан грибок инфекциясы болуп саналат. Ал адатта мурун көңдөйүн жабыркатат дагы көбүнчө нымдуу имараттарда, чирип кеткен жашылча-жемиште пайда болот (көк каптап кетет).

Эске салса кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 26 миллиондон ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости