www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Орусия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына орусия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости