www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Мизорам штатында курулуп жаткан темир жол көпүрөсүнүн урашынан кеминде 17 адам каза болгонун NDTV жергиликтүү бийликтерге шилтеме берүү менен билдирди.

“Көпүрө урап түшкөндө ал жерде 35-40ка жакын курулушчу болгон”, - деп билдирген жетекчилер.

Урап түшкөн жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жумушчулардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.

"Мизорамдагы көпүрөдөгү кырсыкка капа болдум. Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам. Жабыркагандар тезирээк сакайып кетсин. Куткаруу иштери уланууда, жабыркагандарга бардык жардамдар көрсөтүлүүдө", — деп премьер-министр X социалдык тармагына жазган.

Ал белгилегендей, бийлик каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берет - каза болгон куруучулардын жакындарына 200 миң рупий (2,4 миң доллар), жабырлануучуларга 50 миң рупий (600 доллардан бир аз көбүрөөк) берилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости