www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптада инфекция диагнозу коюлган Түркиянын президенти Тайип Эрдоган жергиликтүү телеканалдар аркылуу өзүн жакшы сезип жатканын жана шайлоо программасынын алкагында иштей баштаганын билдирди, деп жазат Sabah.

«Мен өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Митингдерди өткөрүүдө тыныгуу алган жокпуз, программаны толугу менен калыбына келтирдик», - деди ал.

Белгилей кетсек, 25-апрелде Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде маек берип жатып өзүн жаман сезген. Айрым маалымат каражаттары анын жүрөгү кармап калганын жазышкан. Кийинчерээк президенттин өкүлдөрү муну четке кагышты. Эрдогандын ден соолугунун начарлашынын расмий себеби ашказан оорусу деп аталды. Эртеси дарыгерлердин кеңеши менен ал бардык коомдук иш-чараларды токтоткон.

Ооругандан кийин 69 жаштагы Режеп Тайып Эрдоган онлайн режиминде бир нече расмий иш-чараларга катышкан. 29-апрелде Эрдоган оорудан кийин биринчи жолу эл алдына чыгып, ал эми 30-апрелде алгачкы шайлоо митингин өткөрдү.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости