www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араб лигасынын 28-саммити 16 өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда Иорданиянын Өлүдеңиз аймагында башталды.

Саммит, араб өлкөлөрүнүн арасында кызматташтык жана колдошууну күчтөндүрүү, Палестина маселеси жана террор менен күрөшүүдөн баштап Араб дүйнөсүн кызыктырган темаларда орток мамилени өнүктүрүүнү максаттайт.

Саммитти өткөрүп жаткан Иордания королу 2-Абдуллах, ачылыш сөзүндө Палестина маселесине адилеттүү жана кеңири чечим табылбастан аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздала албай турганын белгилеп кетти.

«Террор башкаларынан көп биз арабдарды жана мусулмандарды коркунучка салууда. Террордо каза тапкандардын көпчүлүгү мусулмандар. Кеңири бир ыкма таап бул коркунуч менен күрөшүш үчүн өлкөлөрүбүз жана дүйнө жүзүнүн арасында аракеттердин биригүүсү качылгыс»,-деди.

Сирия кризисине да токтолгон Абдуллах, Женева жана Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө үмүт арткандарын белгилеп өттү.

Араб лигасынын катчысы Ахмед Абуль Гейт да ачылышта сүйлөгөн сөзүндө баш калкалоочулар маселесине басым жасап: «Дүйнө жүзүндөгү баш калкалоочулардан экөөнөн бири араб. Араб адамынын сыймыгына жана жашоосуна залака келтирген кайдыгерлик менен баш аламандыкка каршы турушубуз керек»,-деп айтты.

Гейт айрыкча баш калкалоочуларга кучак жайган өлкөлөргө ырахмат айтты.

Эки күн улана турган саммит, Амман деклрациясынын кабыл алынышы менен соңуна чыгат.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости