www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элмира Сатыбалды кызы жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет.Ушул тапта Кыргызстандын абалы жана камакта жаткан саясатчылардын абалы туралуу төмөнкүлөргө токтолду.
-Садыр Жапаровдун учурдагы абалы кандай болушу мүмкүн?
-Садыр Жапаровдун учурдагы абалы өтө деле жакшы эмес. Кыргызстанга келээрден мурун келсемби Кыргызстанга келбесемби деген эки анжы ойдо болгон. Бирок ойдун түбүнө жетип көргөчтүк кыла алган жок. Албетте, жанындагы адамдардан кеңеш сураган. Алар “бара бер, сага эмне кылмак эле, сенин күнөөң жок, сени колдойбуз”, - дегендер болгон. Тилекке каршы алар колдой алган жок. Садыр Жапаров өзүнө ишенген. Ар бир иштерин үстүнөн чыгамын, бул боюнча калтырбаймын деп “баатырлык” сезим менен кирип, көп нерсени пландаштырып келген. Садыр Жапаров Кыргызстанга киргенде башкача ой менен кирип келсе болмок. Бирок ал өзүн “күнөөлүү эмесмин” деп ойлогону менен мойнуна жок нерсе да бар нерселер дагы илинет. Менин төлгөм боюнча Жапаров 5 же 6 жылга кесилет. Бирок артымда эл турат деп ойлобосун, элдин баары эле ага күйө бербейт албетте күйгөндөрү бар, күйбөгөндөрү бар ортодо жөн эле оозун ачып тургандары бар, болгону ортодо азапты жеген Садыр Жапаров гана болот.
Албетте бул жерде бийликтегилер дагы бизди колдойт деп ойлобошу керек, менин төлгөмө бийлик тарапка дагы жакшы түшкөн жок. Кырдаал жакшы эмес. Бийликтин кулашына себеп Дача СУУдагы кырсык себеп болот, арбактар каарын салууда...
(Тема улантылат)
Булак: NazarNews.kg