www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кызматкерлерине 306 батир бекер берилди, буга чейин деле аларга мамлекеттин эсебинен берилип келген. Ажо “дагы беребиз” деди. “Мугалимдер менен врачтарга ипотека менен берилип жатат” деп жооткотту.

Ажо мырзага туура эмес маалыматтар берилип жатканбы, айтор, мамипотека “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей эле өлөсөлүү абалда экенинен ажонун кабары жок окшойт.

Ипотекага жылдап кезекке турган мугалимдер менен врачтар азыр үмүт үзө башташты. Ажо мырза мугалимдер менен врачтарга бекер үй бербесе да, ипотека кандай иштеп жатканына бир кызыгып, оң көзү менен карап койсо дурус болчудай.

Болбосо, УКМКга өз баладай, мугалимдер менен врачтарга өгөй баладай мамиле жасалып жатат. Имиш-имиштерге караганда, ажолордун бири “мамлекеттин эсебинен УКМК менен ИИМге үй бергенден көрө мугалимдер менен врачтарга үй берсем болмок экен” деп өкүнүп жүрөт деп айтышууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости