www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров сыйлык тапшыруу боюнча мурунку бийликти сындап жазган посту боюнча түшүндүрмө берди.
Жапаров 2016-жылы социалдык тармактагы баракчасына "Президенттер качаарда көп кишиге сыйлык тапшырып же Курултай өткөрүп калышчу эле" деп сындап пост жазган. Анын пикири азыр да талкууга алынып жатат. Мамлекет башчы бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып ал маселеге токтолду.
"Мындан бир нече жыл мурда жазган постумду алып чыгып "мына өзү да массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып жатат" деген сындар болду. Мен аны эмне үчүн жаздым эле? Мурда сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиш менен алышчу. Акчаң болбосо бир дагы сыйлыкка жетпейт элең. Анан мен бийликке келгенде комиссияны чогултуп мындан ары татыксыздарга, акча менен такыр берилбеш керек дедим. Сыйлык, наамды, бийликти сатып алганда эч качан өнүкпөйбүз. Биз эки жолу сыйлык тапшырып жатабыз. Анда карап мурда ала элек, татыктууларга берип жатабыз. Араңыздарда 20-30 жылда, керек болсо 50 жылдан бери ала электер бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент жеке мамилеге карабай, аны сындап жаткандарга да наам берүүнү чечкенин айтты.
"Анан "дүжүрлөргө", колдогондорго эле сыйлык берип атат" деп жатышат. Бирок атыңыздарды атабай эле коёюн, араңыздарда мени бүгүн да сындап келе жаткан акскаладар, орто муун, жаштар отурасыңар. Эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик же мени колдобосо эле тизмеден чийип салуу болбошу керек. Силердин эмгегиңер сиңген, андыктан мамлекеттик деңгээлде карашыбыз абзел", — деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg