www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сезим» кризистик борборунда жашап жаткан келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, күйөөсүнөн 10 жыл аралыгында запкы чегип келгенин айтып берди.
Анын айтымында, 2011-жылдан бери аны менен жарандык никеде жашаган. Бул оор жылдар аралыгында күйөөсү аны уруп, кемсинип, балдарына да күн көрсөтпөй келген.
«Биз жарандык никеге турганбыз. Ал буга чейин эки жолу аял алган. Азыр төрт балам бар. Экөөбүз чогуу жашап келгенден бери психологиялык, физикалык жактан жабыркап келдим. Менин экинчи турмушум болуп жаткандыктан, зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактап калайын баары жакшы болот дедим. Бирок андан эч кандай жакшы күндөрдү көргөн жокмун.
Турмушка жаңы чыкканда боюмда болуп, беш айга жакындап калганда мени себепсиз эле уруп, балам ичимден чарчап калды. «Ата-энеңе айтпа, ооруканага барба, мени камап коёт» деп, өзүнүн күнөөсүн моюнга алган. Мен дагы жашаганыбызга аз эле күн болду, кайра ажырашамбы, ата-энемдин үйүндө отурамбы деген ой менен калып калдым. Дарыгерлер баланы кескилеп алышкан. Бирок ал муну менен токтогон жок. Балдарым ыйласа, эмнеге ылайт деп бешигин тоголотуп жиберген күндөр дагы болгон. Балдардын ыйын укканда жаздык менен алардын бетин жаап жинденчү.
Ушул жылдар аралыгында мени эле эмес балдарымды да кордоп келет. Бизди балдарым менен үйдө сабаганы аз келгенсип, бизге бутун өптүрүп, чачымдан сүйрөп, көгала кылып салчу», - дейт жабырлануучу.
Ошондой эле, ал буга чейин бир нече жолу милицияга кайрылып, коркутуулардан улам арызын кайра кайтарып алган. Жабырлануучу күйөөсүнүн буга чейинки аялдарын да сабаганын билбегенин, 5 маал намаз окуганы үчүн ага ишенгенин кошумчалады.
«Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу борборго үч жолу келгенин белгилейт.
«Балдарынын баш мээси чайкалган экен. Атасынын үнүн укканда 5 жана 9 жаштагы кыздары заара ушатып (ред.: энурез) жиберет. Бизде жолдошунун кур менен сабаганынын сүрөттөрүнүн баары бар. Бирок ал күнөөсүн моюнга албайт. Биздин борбор сотко кайрылганда, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси «Кыйноо» менен карабай, 136-беренеси («Денеге жеңил залал келтирүү») менен менен карап, 50 миң сомдук айып тагып койду. Биз кайра сотко кайрылганы жатабыз», - деп айтат Рыскулова.
Рыскулованын айтымында, ишти иликтөө учурунда укук коргоочуларга жана жабырлануучуга коркутуулар болгон. Жабырлануучунун күйөөсү «Сезим» кризистик борборунун кызматкерлерине да сес көрсөткөн.
Аламүдүн райондук сотунун маалыматы боюнча, зомбулук көрсөткөн адам денеге жеңил залал келтирүү беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, аны 100 саат коомдук жумуштарга тартуу боюнча өкүм чыгарган.
Бирок, ошол 100 сааттык коомдук жумуштардын баарын аялына кылдырган.
Булак: NazarNews.kg