www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирак Швеция бийлигинен Стокгольмдогу башкы мечитте Куранды өрттөгөн ирактык жаранды өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед Аль-Саххаф 29-июнда билдирди.

"Куранды кемсинткен адам Ирактын жараны, ошондуктан биз Швеция бийлигин аны Ирактын мыйзамдарына ылайык соттук териштирүү үчүн Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүүгө чакырабыз", - деп билдирди INA маалымат агенттиги.

Ирактан келген 37 жаштагы иммигрант Салван Момика 28-июнда Куран өрттөө митингин өткөргөн. Акция Стокгольм полициясынын уруксаты менен ишке ашырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости