www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" аэропортунда жасалма паспортун колдонуп Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аэропорттун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жараныны жасалма паспортун колдонуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон.
Буга байланыштуу 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган чет мамлекеттин жараны 27-августуна чейин Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №1-тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кытайдын жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Булак: NazarNews.kg