www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Украинадагы согушка каршы жана бул боюнча бир нече расмий билдирүү таратты. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани расмий Ак үйдүн Тегеран Орусияга согуш үчүн учкучсуз учактарды жеткирүүнү каалайт деген билдирүүлөрүнө жооп берди.
Ирандын курал-жарактары Украинадагы согушта колдонуу үчүн Орусияга жөнөтүлүп жатат деген дооматтарга жооп кылып, Кенани Тегеран менен Москванын жаңы технологиялар боюнча кызматташтыгы согуштан мурда башталганын жана бул тууралуу жаңы эч нерсе жок экенин белгиледи.
Кенани өзүнүн билдирүүсүндө АКШны жана кээ бир Европа өлкелөрүн кээ бир агрессор өлкөлөрдү массалык кыргын салуучу куралдар менен камсыз кылып жатат деп айыптады. Бул жерде министрликтин өкүлү алгач Израилди мисалга тартты.
Белгилей кетсек, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан Ак үйдөгү брифингде Иран Украинадагы согушта колдонуу үчүн Москвага жүздөгөн учкучсуз учактарды жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg