www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулда Түркиянын, Орусиянын жана Украинанын аскердик делегациясы, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү украин буудайын деңиз аркылуу экспорттоо маселесин талкуулашат. Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдирди.
Мындай жолугушуу болорун Украинанын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Олег Николенко да ырастады. Анын айтымында, Киев маселенин БУУнун катышуусу менен чечилишин колдойт.
Акар буга чейин Түркиянын Коргоо министрлигинин делегациясы Москва менен Киевге барганын, андагы жолугушууларда "жакшы жыйынтыктар болгонун" билдирди.
Апта башында Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Орусиянын жана Украинанын президенттерине өз-өзүнчө телефон чалып, украин буудайын экспорттоо маселесин талкуулаган.
12-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш украин буудайы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок макулдашууга дагы көп бар экенин айткан.
Украинанын Кара деңиздеги порттору 24-февралда Орусия кол салгандан бери бөгөттөлүп турат. Азов деңизиндеги украин порттору Орусиянын көзөмөлүнө өткөн.
Апта башында Украинада согуш башталгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн украин портторуна алгачкы жолу келгени белгилүү болгон. Бул тууралуу Украинанын Деңиз-аскердик күчтөрү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлаган.
Маалыматка караганда, кемелер Кара деңиз аркылуу Дунай дарыясына кирип, ошол жердеги порттордон жүк жүктөшөт. Бардык жүк ташуучу кемелерди аскердик кемелер коштоп жүрөт.
Киев чет элдик кемелерди киргизүү июндун аягында Змеиный аралын Украина өз көзөмөлүнө алганы үчүн ишке ашып жатканын билдирүүдө.
БУУ Дунай-Кара деңиз каналы аркылуу данды экспорттоо абдан маанилүү экенин, бирок бул дүйнөлүк ачарчылыктын алдын алуу үчүн аздык кыларын билдирди.
Булак: NazarNews.kg