www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран өзөктүк келишимге кол койгон башка өлкөлөр милдеттерин аткарбаса өз аймагындагы атомдук объекттерге БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлорунун киришине тыюу саларын эскертти.

Былтыр кабыл алынган мыйзамга ылайык, келишимдин шарттары аткарылбаса, Иран өкмөтү кийинки аптадан тартып МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн киришине тыюу салууга укугу бар. Эгер бул ишке ашса, эл аралык инспекторлор Ирандын өзөктүк программасы боюнча маалымат алуу үчүн каалаган учурда кыска мөөнөттүү текшерүү жүргүзчү укугунан ажырашы мүмкүн.

Тегерандын жаңы шарты тууралуу МАГАТЭге расмий билдирме жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде бул кадам эл аралык инспекторлордун иштешине толугу менен тыюу салынат дегенди түшүндүрбөстүгүн билдирди. Ал келишимдин башка катышуучулары өз милдеттерин аткарышы керек деп АКШ бийлигин ишарат кылды.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Мындан соң Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосундагы мамиле абдан начарлап кеткен эле.

Президенттикке киришкен Жо Байдендин администрациясы Иран менен өзөктүк программаны калыбына келтирүүнү көздөрү белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости