www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран менен Ооганстандын ортосундагы чек ара бекетинин жанындагы атышуудан эки ирандык чек арачы жана бир талип согушкери набыт болду. Бул тууралуу Reuters жазды.

Андан сырткары бир нече киши жаракат алды. Бул окуянын эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз, бирок бул эки өлкөнүн ортосундагы суу укугу боюнча маселеге байланыштуу болушу мүмкүн.

Иран талиптердин жетекчилигин Хелменд дарыясынан Ирандын кургакчыл чыгыш аймактарына суунун агымын чектөө менен 1973-жылы түзүлгөн келишимди бузду деп айыптады, талиптер муну четке кагышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости