www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Эбрахим Раиси АКШ Тегеранга каршы санкциялардын жана башка коркунучтардын натыйжасыздыгын түшүнүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Америка өкмөтүнө үчүнчү өлкөлөргө карата чектөө саясатын токтотууга кеңеш берди. Раисинин сөздөрүн ISNA агенттиги жазып чыкты.
“АКШ Иран элине каршы санкциялар же коркутуулар түрүндө күчтүн тилин колдонуу диалогдо эффективдүү курал эмес экенин түшүнсө керек... Америка өкмөтүнө кеңешибиз, бул башка мамлекеттерге карата санкцияларды киргизүүнү токтоткула”, - деди Раиси.
Ал белгилегендей, Джо Байден АКШнын президенти кызматына киришкенден кийин мурдагы президент Дональд Трамптын Тегеранга карата саясатын кабыл албастыгын, бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөгөнүн айткан.
“Иран иш жүзүндө саясий вектордун өзгөрүшүнүн демонстрациясын күтүүдө”,- деди Ирандын президенти.
Буга чейин Эбрахим Раиси Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жумалыгында өткөн жыйында Украинадагы жаңжалга каршы чыгып, Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн ортомчулугун сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg