www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-сентябрда Сеулда Корея Республикасы, Кытай жана Япония жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн жолугушуусун өткөрүүнү пландап, анда үч тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде үч өлкөнүн саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Түштүк Кореядан тышкы иштер министринин жардамчысы Чон Бён Вон, Япониядан Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Океания департаментинин башчысы Такэхиро Фунакоси, Кытайдан Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Нун Жун катышат.
“Жогорку деңгээлдеги жолугушууда үч мамлекеттин өкүлдөрү үч тараптуу кызматташуу боюнча консультативдик органга тиешелүү маселелерди талкуулашат, үч тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалына баа беришет жана аны өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттары боюнча пикир алмашат”, — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Мындан тышкары, Yonhap маалымат агенттиги маалымдагандай, министрликтин өкүлү тараптар 2023-жылы үч тараптуу саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулай турганын билдирди.
“Учурда үч тараптуу саммит талкууланып жатат, максат аны быйыл өткөрүү”, - деп белгиледи түштүк кореялык дипломат.
Ал бул маселеге арналган тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуу уюштурууну четке каккан жок.
Кытай, Корея Республикасы жана Япониянын үч тараптуу саммити биринчи жолу 2008-жылы болуп, сегиз жолу мындай жолугушуулар уюштурулган, акыркысы 2019-жылы болгон. Формат Сеул менен Токионун ортосундагы мажбурлап эмгектин курмандыктарына компенсация төлөп берүү боюнча пикир келишпестиктерден, ошондой эле пандемиядан улам токтотулган. 2022-жылы Корея Республикасында жаңы президент Юн Сок Ёл бийликке келгенден бери Япония менен эки тараптуу мамилелерде жылый баштаган.
Булак: NazarNews.kg