www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран АКШ менен түзүлгөн ок атышпоо келишими узартылды деген маалыматты четке какты.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багайи айтты. Анын сөзүнө караганда, айрым ЖМКларда жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Багайи АКШ менен боло турган кийинки сүйлөшүүлөр тууралуу да токтолду.
"АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан өтөрү азырынча так аныктала элек. Вашингтон буга чейин бир нече жолу тынчтык процессине тоскоолдук кылган. Чыныгы жылыш болушу үчүн, биринчи кезекте өзүнүн душмандык мамилесин токтотууга даяр экенин ачык көрсөтүшү керек. Исламабадда өткөн биринчи айлампада АКШ сунуштаган позициялар Тегеран тарабынан негизсиз жана реалдуулуктан алыс деп бааланды. Ошондой эле белгилеп кетем, учурда Иран менен АКШнын ортосундагы диалог Пакистандын ортомчулугу менен гана уланууда", - деди.
Ошондой эле өкүл Тегеран байытылган уранды Россияга өткөрүп берүү маселесин талкуулоого ниети жок экенин өзгөчө баса белгиледи.