www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө облус жана райондор жоюлуп, ири аймактар түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы 2-3 жылда облус жана райондордун ордуна 20дай округ түзүлөт.
«Азыр республикада 44 район, 34 шаар, тагыраагы - Ноокат менен Базар-Коргон жанан Гүлчөнү кошкондо 33 шаар болду. Бардык райондор жоюлуп жыйырмадай округдун тегерегинде калат. Мындайча 20 облус деп айтып койсок болот. Ошого барабыз, бирок алдыда 2-3 жыл убакыт бар.
Биринчи бир округду түзүп туруп, пилоттук кылып көрөбүз. Ийгиликтүү болуп кетсе облустарды жоюп туруп, округдарга бөлүп коёбуз. Айыл өкмөттөрдү бириктиргенибиз реформанын биринчи этабы», - деди Садыр Жапаров.