www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынын кесепетинен каза болгондордун саны 224 адамга жетти. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хосейн Керманпура билдирди.
Жарыяланган маалыматтарга таянсак, Израилдин чабуулу башталгандан берки 65 сааттын ичинде 1277 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 90%дан ашыгы жай тургундар. 522 бейтап медициналык мекемелерден чыгарылды.
Керманпуранын айтымында, каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар бар.
Израиль 13-июнда Иранга сокку уруп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Премьер-министр Нетаньяху аскердик операциянын милдети Ирандын өзөктүк инфраструктурасына сокку уруу экенин билдирген.