www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эркек киши кичинекей кызды жер төлөгө алып барган окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө отурган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Шектүү катары 1972-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда кармалган жаран уурулукка тиешеси бар деп шектелгени да аныкталган. Бул маалымат бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында алынган.

Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп, окуянын бардык жагдайларын аныкталып жатат. 

Последние новости