www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын аскерлери «Авраам Линкольн» (USS Abraham Lincoln) кемесин иштен чыгарып, өзүнүн базасына кайтууга мажбурлашты. Бул тууралуу Хатам аль-Анбия командачылыгынын өкүлү Ибрахим Золфагари 13-мартта билдирди.

«Авраам Линкольн» кемесине Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз флоту кол салып, иштен чыгарды. Ал аймактан чыгып, АКШга кайтып келе жатат", - деп Ибрахим Золфагаринин сөзүн IRIB телеканалы келтирди.

Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали 11-мартта Ирандын «Авраам Линкольн» кемесине келтирген зыяны Вашингтонго билдирүү болгонун билдирди.

5-мартта Ирандын деңиз флоту Оман булуңунда америкалык «Авраам Линкольн» авианосецине сокку урган. Маалыматка ылайык, жабыркаган кеме белгиленген аймактан шашылыш түрдө 1000 чакырымдан ашык аралыкка жылууга аргасыз болгон.

«Авраам Линкольн» кемесине 1-мартта да кол салуу болгон. SNN агенттиги кемеге төрт канаттуу ракета тийип, экипажы өз миссиясын таштоого аргасыз болгонун билдирген.

Последние новости