www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Израил Тегеранга каршы кандайдыр бир чара көрсө, ага “катуу жооп” берерин айтты. Бул тууралуу Раиси Ирандын куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди, деп жазат Times of Israel.

Мындан тышкары, Раиси АКШнын Жакынкы Чыгыштан чыгып кетишин талап кылды. Ошол эле учурда ал иран армиясы коопсуздукту камсыздоого кызыкдар региондук мамлекеттер менен «жылуу кол кармашып» турганын айтты. Ал сөз кайсы өлкө жөнүндө экенин тактаган жок, бирок, басылманын айтымында, кеп Сауд Арабиясы тууралуу болуп жатат.

Март айында Иран менен Сауд Арабиясы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, элчиликтерин ачууну макулдашкан. Мындай чечим тараптардын Бээжиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жарыялаган. Жетишилген макулдашуулар аймактагы жалпы кырдаалга таасирин тийгизиши мүмкүн – атап айтканда, Йемендеги жаңжалды жөнгө салууга, ошондой эле Сирия менен Ливандагы бир катар ички карама-каршылыктарды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости