www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары бар Эдил Байсалов деген. Өзүн ашкере акылдуу, билимдүү сезген неме өкмөттүн социалдык тармагын тейлейт. 

Мына ушул Эдил Байсаловдун мамлекеттик органдарга жазган протоколдук тапшырмасындагы какачтан көп катасы боюнча эки-үч күндөн бери коомдо кызуу талкуу болуп жатат. 

Бир кошоматчы иниси акылдуу деген да жетишсиз деп "олуяга" чейин теңеп жиберген Байсалов лам деп ооз ачкан жок. 

Арийне, протоколдук тапшырмабы же кандай гана иш кагаздары болбосун Эдил Байсалов өзү отуруп алып жазбайт дечи. Бирок кол алдында иштеген кызматкерлеринин сабатсыздыгынан улам, өзүн билимдүү санаган "олуянын" кимдер менен иштешип жатканын, кол коёрдо катасына көңүл бурбаган, бурса да маани бербеген, түшүнбөгөн Байсалов деле көп "кокуйдун" бири экенин айгинелеп турат. Негизи эле жоопкерчилиги жоктугу көп айтылып жүрөт. 

Мына 2010-жылы да Кадыржан Батыровго диппаспорт берүүгө көрсөтмө берген дагы Эдил Байсалов болгону бүгүнкү күндө бүтпөгөн жомок. Тилекке каршы, жоопкерчилик жагы нөл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости