www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Жогорку лидери Моджтаба Хаменеи өлкө президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык жана аскердик-саясий кырдаалды талкуулады.
Жолугушуу Пезешкиандын президенттик кызматта иштеп жатканына үч жыл толгонуна байланыштуу өттү.
Иран лидеринен таратылган маалыматка ылайык, тараптар АКШ менен болгон аскердик жаңжалдын учурдагы абалын жана анын мындан аркы өнүгүшүн, ошондой эле өлкөнүн аскердик-коргонуу тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
Мындан тышкары, Ирандагы экономикалык жана каржылык абал, анын ичинде улуттук валютанын — риалдын курсу, энергетика тармагындагы кырдаал жана чет мамлекеттер менен экономикалык кызматташтык маселелери каралды.
Белгилей кетсек, Моджтаба Хаменеи Ирандын Жогорку лидери кызматына атасы Али Хаменеинин 28-февралда АКШ жана Израилдин соккуларынан каза болгондон кийин шайланган.
Расмий маалыматтарга караганда, Моджтаба Хаменеинин коомдук иш-чараларга сейрек чыгышы негизинен коопсуздук маселелери менен байланыштуу.
Иран бийлиги буга чейин анын ден соолугуна байланыштуу кооптонууга негиз жок экенин билдирген.