www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайды күчтүү тайфун каптап, анын кесепетинен бир миллиондон ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Euronews маалымдады.
Маалыматка караганда, «Дельфин» тайфунунан улам өлкөдө өзгөчө кырдаалдын эң жогорку деңгээли жарыяланган. Вэньчжоу шаарынан 900 миңден ашык тургун эвакуацияланып, миңден ашык убактылуу баш калкалоочу жай ачылган.
Ошондой эле Шанхайдын эки негизги аэропортунда 1400гө жакын каттам, Ханчжоу аэропортунда 270 каттам токтотулган.
Кытайдын Улуттук метеорология кызматы билдиргендей, тайфун Чжэцзян провинциясынын Юйхуань шаарына жакын аймакта жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30 чамасында жээкке жеткен. Циклондун борборуна жакын жерде шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымдан ашкан.
Чжэцзяндын борбордук жана чыгыш аймактарында 250–500 миллиметрге чейин жаан-чачын күтүлүүдө. Тайфунга байланыштуу туристтик жайлар жабылып, паром каттамдары убактылуу токтотулуп, бир катар авиакаттамдар да жокко чыгарылган.