www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

IRI: Жумушсуздук Кыргызстандагы эң чоң көйгөй

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүн жарыялады.

Сурамжылоо 21-февралдан 5-мартка чейин уюк, стационардык телефон аркылуу жүргүзүлгөн. Ага Кыргызстандын бардык облус, район, калктуу аймактаран 1200 адам катышкан.

Кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Экинчи көйгөй катары коррупция (50%) айтылса, азык-түлүктүн кымбатташына кабатырлангандар (48%) түзгөн. Андан кийин билим берүү (28%), коронавируска (27%) тынчсыздануусун билдиришкен.

Улуттук статистика комитети да COVID-19 пандемиясынын шартында элдин жашоо-турмушуна изилдөө жүргүзгөн. Мекеменин 2020-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин эл арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, ар бир кожолуктун эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калган. Көбү чет өлкөдө иштеп жүрүп, жумушсуз калгандыктан өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун белгилеген.

Мындай кожолуктардын көбү Ош шаарында (98,1%), Ош облусунда (88,2%), Жалал-Абад облусунда (80,5%) жана Талас облусунда (77,7%) жана Бишкек шаарында (77,2%) байкалган.

Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 60 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 2020-жылга карата 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда алардын катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости