www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов геология кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Геологдор күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу геологдор!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Геологдор күнү менен куттуктайм!

Геологдор менен катар бүгүнкү майрамды бургулоочулар, жардыруучулар, геомеханиктер, геофизиктер, маркшейдерлер, шахтылардан өтүүчүлөр жана физикалык географтар, деги эле геология тармагына тийиштүү жалпы кесип ээлери майрамдашат. 

Бүгүн ата мекендик тоо-геологиялык комплексин көлөмдүү капиталды талап кылган тоо-кен өндүрүүчү долбоорлору түзөт. Кендерди иштетүүдөн келип түшкөн социалдык жана бюджетке төлөмдөр 18 млрд сомдон ашуун саналат.

Аймактардагы жаңы кендерди ишке киргизүүдө инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү калкты ишке орноштуруу, иштетилип жаткан кендердин ишин камсыздоо үчүн кичи жана орто бизнес субьектилерин тартуу  маселеси чечилүүдө, натыйжада аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жанданып, өлкөнүн жалпы экспорттук потенциалы жогорулоодо.

Аталган тармакты өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденциялары Кыргыз Республикасынын кендери боюнча масштабдуу жана тутумдуу геологиялык иликтөөлөөрдү жүргүзүүгө жана аны башкарууда, заманбап технологияларды пайдаланууда жаңыча мамиле кылууга дем берет.

Кен пайдалануу тармагына инвестицияларды тартуу максатында шарттарды түзүү менен катар, ак ниет инвесторлор каражатын минералдык-сырьелук базаны өздөштүрүүгө салуусуна умтулуу зарыл. Тармактын айлана-чөйрөгө таасирин азайтуу менен анын потенциалын ачуу  боюнча өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концептуалдык жана стратегиялык багытын караган мамлекеттик деңгээлдеги конкреттүү программаны бекитүү сунушталат.

Урматтуу тармактын ардагерлери,

Геологияда күчтүү, эрктүү, өз ишине чын дилден берилген жогорку деңгээлдеги адистер эмгектенет жана эмгектенип келишкен. Сиздердин чыгармачыл жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша өлкөбүздүн геологиялык кызматынын мындан аркы өнүгүшү үчүн туруктуу негиз салынган. Сиздер келечекте бай тажрыйбаңыздар менен өсүп келе жаткан муундагы адистер, жаш геологдор менен бөлүшүп, аларга жол көрсөтөсүздөр деп ишенем.

Тармактын жалпы кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгымды билдирем. 

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубаттыкты жана татаал, бирок кызыктуу ишиңиздерде жаңы ийгиликтердин жаралышын каалайм!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости