www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында ыкчам түрдө ай-күнүнөн эрте “Кыргызстан” деген партия төрөлүп, анысы алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун шапары мененби же башканынбы, айтор 3-орунга илинип, 18 мандатка ээ болгон эле. Ал партиянын башында мурунку чакырылышта Бабановдун амири менен депутат болуп келип, кийин Чүйдө губернатор болгон Канат Исаев турган. Канат Жогорку Кеңешке келээр замат партиясындагыларды тизме менен тазалай баштаган.Элмира Жумалиева деген айым элден да керектүү добушун топтоп, депутаттык мандатын алып отурган жеринен күч менен эле анын мандатын тартып алды. Андай мисалдар бул партияда арбын болду. Алар К.Исаевдин колу менен жасалганын баары эле билишет. Азыр эми чырылдашып мандат талашкан ошол Исаевдин ити чөп жебей калгандай.Чүй, Токмок тарапка көз жүгүртүп, кулак төшөсөк Канатты далайы көрөлү деген көздөрү жок. Анан эле бул бала өзүнчө эле Чегевара болуп жатканына аргасыз баш чайкайт экенсиң. Чындыгында тиреген асманың таштап ийсе да, “Алибек, опей Канат алына жараша иш кылса болмок.
Булак: "Айгай пресс"