www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Башы оорубагандын кудай менен иши жок” дегендей эле айрым депутаттардын кимдин эмне кызмат кылып, канча айлык алаары менен иши деле жок. Бирок, кай бир эл өкүлдөрү маянанын аздыгын эске алганы менен, “көтөрүп чыгат экен” десе эле түшкө кирбеген нер- селерди ыгы келсе-келбесе да “көтөрө” беришчү болду. Маселен, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында “ата-мекенчи” депутат Эмил Токтошев: “мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын 50 миң сомго көтөрүш керек” деди да, койду. Кыргызда “жылкыңа ченеп ышкыр” деген кепти Эмил мырза эсине албайбы же билбейби же жен гана учурдан пайдаланып Мамле­кеттик каттоо кызматынын көңүлүн алып коеюн дедиби, айтор түшүнүксүз.Ушу “социалист” андан көрө мугалимдердин маянасына жаны кейисе жарашмак. Анан да Э.Токтошевдин ой-толгоосу боюнча аталган кызматттын кы­зматкерлеринин баарын иштен ыргытып, жаңы кадрларга 50 миң сомдон маяна коюп берсек коррупция жоюлуп кетет имиш. Ой, тобоо! Тигинтип, келечегибиздин келечегине салым кошуп жаткан мектептеги мугалимдердин алган айлыктары мышык ыйлагыдай абалда болуп турганда ушу да сөзбү? Эй, Эмилчик, мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү эже менен агайларга караганда түбөлүктүү өйдө айлык алаарын баары эле билет. Же жеке кызыкчылыгы кыймылга келип, Токтошев аталган кызматка күнү түшкөндөгүсүбү?

Булак: "Айгай пресс"

Последние новости