www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарды. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.

"Президенттен каршы пикир келди. Регламент боюнча мыйзамды тезинен кайра иштеп чыгышыбыз керек. Каршы пикирде "Жогорку Кеңештин укугу жок" деген бир топ сын-пикирлер бар экен. Урматтуу кесиптештер, муну мен Жогорку Кеңешти алсыратуу кадамы деп эсептейм", — деди Масалиев.

Мындан улам ал бир мунасага келүү менен регламентти кабыл алып, толук кандуу мыйзамдуу түрдө иштеш керектигин белгиледи.

Эске салсак, депутаттар каникулга чыгар алдын парламенттин жаңы регламентин кабыл алып, президентке жөнөткөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости