www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын карамагында жүргөндөгү акыркы мамлекет башчысынын ичер суусу түгөндү. СССР талкалагындагы үчүн Батыш Горбачевду жакшы көрө турган, ошондуктан Горбачевдун көзү жумулар менен  Байден, Жонсон, Шольц, Макрон сымаал көптөгөн дүйнө лөктөрү ал тууралуу өз ойлорун ортого салды. Албетте, Путин деле четте калган жок. Бир аз артка кылчайып тарыхка көз сала кетели. Эң биринчи ак падыша Александр II (18 февраль 1855 — 1 март 1881) болгон. 1862 жылы Бишкек беги Рахматтуланы жок кылгандан кийин солто эли  орустарды чакырып келип Олуя-Ата, Мерке сыяктуу бир топ чептерди алат. 1963-жылы Кыргызстандын Орусияга кошулганын 100 жылдыгын белгилелеген. Ак падыша Александр 1867 –жылы  Орто Азиялык элдердин 17 өкүлү менен Санк-Петербург шаарына кеңеш уюштуруп, ал кеңеште Шабдан полковник чинин алат. Ошол эле Шабдан Александр III (1 март 1881 — 20 октябрь 1894) такка отурганда коронациясына барып катышкан. Ал эми Николай II (20 октябрь 1894 — 2 март 1917) такка отурганда коронациясына кыргыздардан ким барганы тууралуу маалымат жок. Балким, ошондуктан ак падыша тактан кулап, 1918 жылы ит өлүм менен жок кылынгандыр.

Ак падыша Николайды кулатып, ордуна келген  Убактылуу ѳкмѳт башчысы Львов Георгий Евгеньевич (2(15) март — 8(21) июль 1917) болгон. Ал узакка тура алган жок, ордуна Керенский Александр Фёдорович (8(21) июль — 25 октябрь (7 ноября) 1917). Керенский  1916 жылы кыргыздар ак падышага каршы баш көтөрүп Кытайга үркүп кеткенде бул маселени 1916 жылы декабрда Мамлекеттик Думада көтөрүп чыгат. Ал бийлик башына келген соң кыргыздардын Кытайдан келиши үчүн фонд уюштуруп, кыргыздарды ойлогон биринчи мамлекет башчысы.

 Совет мамлекетинин Эл комиссарлар Советинин тѳрагасы болгон Ленин Владимир Ильич (26 октябрь (8 ноябрь) 1917 — 21 январь 1924) Керенскийдин кыргыз элине жасаган мамилесин улап кетет. Ленинди Каплан аткандан кийин Ленинди Горкиге алып барышып өзүн кызматынан акырындык менен четтетип коюшат. Ал түрмөдө жаткансып Горкиден эч жакка чыкчу эмес, тегерегин чекисттер кайтарчу, Ленин болсо жазып турчу, ушул мезгилди эсептегенде 55 том «өлбөс-өчпөс» эмгектерин жазган, бирок анысы СССР менен кошо ураган.  РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын Генеральный секретары Сталин Иосиф Виссарионович (3 апрель 1922 — 5 марта 1953). Сталиндин учурунда көптөгөн кыргыздын алдыңкы интеллигенттери репрессияга учурашкан, көпчүлүгү атылып кеткен.

Хрущёв Никита Сергеевич ( 14 март, формалдуу 7 сентябрь 1953 — 14 октябрь 1964). 1963-жылы Кыргызстандын Орусияга ыктыярдуу кошулганынын 100 жылдыгын белгилеп, ал кездеги КПСС БКнын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущев Фрунзеге келип Кыргыз ССРине орден тагып кеткен.  Падыша деген жыңалач денесин элге көргөзбөйт. Падышанын жыңалач денесин көрсөтүүнүн арты жакшылыка алып келбейт. Бир мисал КПСС БКнын 1-секретары Никита Сергеевич Хрущев келип Ысык Көлгө түшкөндө эл падыша жыңалач денесин элге көргөздү көп узабайт дешкен. Айткандай эле 1964 жылы кызматтан куулган.1954-жылы Никита Хрущев Орусиянын Крымдагы аймагын өзү билип эле Украинага өткөрүп берип койгон. Бир колхоздун жерин экинчи колхозго бергендей эле. Орусия 1936-жылкы Конституция боюнча өз алдынча суверендүү чоң мамлекет болгон. Ал кезде бул республика союздун курамына өз каалоосу менен кошулган болчу.

Брежнев Леонид Ильич (14 октябрь 1964 — 10 ноябрь 1982). СССРди 1964-1982-жылдары жетектеп турган бул лидердин теориялык билими, стратегиялык кенен ой жүгүртүүсү өтө кең болбогону айтылып жүрөт. Бирок ал күтүлбөгөн саясый тактикаларды жасаган жана кишилердин психологиясын мыкты билген. "Кайда барбасын бирөөнүн жардамына муктаж карыя элдин эсинде. Ал болсо таланттуу жетекчи болгону талашсыз",-дейт анын сүйлөгөн сөздөрүн жазып берип жүргөн катчыларынын бири, кийин Москванын мэри болуп турган профессор Гавриил Попов. Жылдар өтүп Брежневдин артыкчылыктары кемчиликке айланды: ырайымдуулугу - көңүл коштукка, шайдоот жүргөнү -манчыркап, менсинүүгө. Анын ушундай мүнөзүнөн улам тегерегиндегилер ага кошмат кылып, айга-күнгө теңеп баштаган. Тарыхчы Леонид Млечиндин пикиринде, тегерегиндегилер мүнөзүн билип туруп, атайын эле ушундай керт башына сыйынган мамилени жасашкан. Бул өзүнүн жыргалылчылыгы үчүн жашай берсин, бизге тоскоол болбосун дегени эле.

Партиянын чоң жыйындарындагы докладдарда: "Коммунисттик партиянын жана анын лениндик Борбордук комитетинин" деген сөздөргө улай эле "жана жеке жолдош Леонид Ильич Брежневге" деп айтуу кадимки көрүнүшкө айланган. Баш катчы өзү жазбаган мемуарларды жарыкка чыгарган, ал тургай аны улуу жазуучу деп атап, адабият боюнча Ленин сыйлыгын ыйгарышканда да каршы болгон эмес. Брежневдин советтик жана чет өлкөлөрдөн алган 117 ордени болгон. Анын ичинде Советтер союзунун жана Социалисттик Эмгектин баатыры деген алтын жылдыздуу беш ордени бар эле. Мына ушул жагдай дагы тарыхтагы жападан жалгыз окуя.1976-жылы өзүнө маршал наамын ыйгарган.

Андропов Юрий Владимирович (12 ноябрь 1982 — 9 февраль 1984), Черненко Константин Устинович (13 февраль 1984 — 10 март 1985) булар аз убакыт эле туруп калышты. Черненконун убагында Усубалиев ага таянып Кулматовду жок кылган. Бирок Горбачев менен Кулматовдун аялы Сакен МГУнун юрфакында чогуу окушкан экен.Горбачевдун убагында Усубалиевди кызматынан кетиришкен.

 Горбачёв Михаил Сергеевич (11 март 1985 — 24 август 1991, СССР президенти 15 март 1990 — 25 декабрь 1991). 2022-жылдын 30-августунда, узакка созулган илдеттен улам СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жаш курагында көз жумган. Михаил Горбачёв дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө эбегейсиз таасирин тийгизген саясий жана мамлекеттик ишмер болгон. Ал биздин өлкөнү катаал мезгилде, ири өзгөрүүлөр жана чакырыктар болуп жатканда башкарган. Горбачёв убагында реформалардын зарылдыгын түшүнүп, бышып калган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштоого умтулган. Горбачёв акыркы жылдары кайрымдуулук жана агартуучулук иш-аракеттерин жүргүзгөнүн кошумчалаган.

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон. 1985-жылы КПСС БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот. 1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости